ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында “Мекен артык өмүрдөн” аттуу алгачкы аскердик гала-концерти өттү

Бүгүн, борбордук аянтта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана 29-май – КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнө карата “Мекен артык өмүрдөн” аталышындагы гала-концерт болуп өттү.
Иш-чарага КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы – Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Руслан Мукамбетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Коргоо министринин орун басары – Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын башчысы, полковник Алмазбек Карасартов, аскер кызматкерлери, шаар тургундары катышты.
Концерттик программанын алкагында КР Коргоо министрлигинин аскердик оркестринин аткаруусунда ата мекендик жана чет элдик композициялык чыгармалар жаңырып, атайын багыттагы күчтөрүнүн ар кандай кырдаалдардан чыгып кетүү ыкмалары көрсөтүлдү.
Ошондой эле, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Борбордук үйүнүн, КР Куралдуу Күчтөрүнүн түштүк-батыш оперативдүү командачылыгынын аскер кызматкерлери да өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар аскердик музыкалык маданиятын таанытуу максатында алгачкы ирет өлкөнүн ар бир облусунда өткөрүлүп, бүгүн чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео