ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата салтанаттуу маданий майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, шаар тургундары жана коноктору катышты.
Майрамдык салтанатта Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жалпы Ош шаарынын тургундарын жана конокторун Нооруз майрамы менен куттуктады. Мында Ош шаарында жасалып жаткан алгылыктуу иштерге токтолуп, алдыда шаарды ар тараптан өнүктүрүү боюнча дымактуу максаттар коюлганын белгиледи.
Нооруз шаңы андан ары маданият тармагынын өкүлдөрү тарабынан даярдалган “Ноорузду даңазалоо” аттуу чоң программадагы концерттик программа менен улантылды.
Ошондой эле борбордук аянттын оң тарабында 7 кыргыз боз үйлөрү тигилип, “Кыргыз шырдак” көргөзмө – жарманкеси да уюштурулду.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео