ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында рекультивацияланган көрүстөндөрдү жашылдандыруу иштери уланууда

Ош шаарынын Озгур айылындагы эски көрүстөндө экологиялык жактан калыбына келтирүү жана жашылдандыруу максатында көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү. Саамалык алгач маркумдарга багышталып куран окулуп, айыл аксакалдарынын ак батасы менен башталды.
🔹 Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Франциянын, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилери, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
🔹 Озгур айылындагы аталган көрүстөн рекультивация иштеринен кийин экинчи жашылдандырылып жаткан аймак болуп саналат. Долбоорго ылайык бул жерди жашылдандыруу максатында 70 сотых аянтка 250 даана эки түрдөгү (ясень, клён) көчөттөрү отургузулду.
🔹 Белгилей кетсек, өлкө башчысынын демилгеси менен “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында 2026-жылы Кыргызстан боюнча 9 млн бак отургузуу пландаштырылган. Өнөктүктүн алкагында быйыл Ош шаары боюнча рекультивациядан өткөн 8 көрүстөндүн ордун, жалпы 11 гектар жер тилкесин жашылдандыруу иштери пландалууда.

default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео