ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш старт алды

ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинде бүгүн, 5-июлда, Ош шаарынын мэринин кубогуна арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш башталды. Мелдешке 190дон ашуун Кыргызстандын жана жакынкы коңшу өлкөлөрдүн спортчулары катышууда.
Турнирдин ачылышына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, эл аралык мелдешти жыл сайын өткөрүү салтка айланып, мэрдин кубогу барган сайын жаштарды шыктандырып жатканын, спорттун улуттук оюндарынын түрлөрүн жайылтуу жана даңазалоо элдин жашоо турмушунда эң маанилүү аспектеринин бири экенин баса белгиледи.
Тогуз коргоол боюнча турнир Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулуп, 7-июлга чейин уланат. Жеңүүчүлөр кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео