ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында XXXIII жайкы олимпиадалык оюндарынын катышуучуларын тосуп алуу аземи болуп өттү

Бүгүн, 15-августта Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар күмүш медалынын ээси боксчу Мунарбек Сейитбек уулу, коло медаль тагынган күрөшчү Акжол Махмудов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жана алардын машыктыруучулары Ошко келишти.

Ош эл аралык аэропортунан спортчулар алардын урматына уюштурулган унаалардын коштоосунда Алымбек датка этно борборунда тосуп алынды.

Спортчуларды сыйлоо иш-чарасына Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, шаар тургундары, спортчулар жана алардын күйөрмандары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Олимпиада оюндарынын катышуучуларын Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов куттуктап акчалай жана жана баалуу белектер менен сыйлады.

Алсак Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарынын мэриясынын атынан 3 бөлмөлүү батирдин ачкычы жана 1 млн сом, ал эми анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевге 2 бөлмөлүү батир жана 500 000 сом, дагы бир машыктыруучусу Оморов Турдалы Оморовичке 500 000 сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.

Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча коло медаль алгандыгы үчүн Махмудов Акжол Махамаджанович 1 млн жана анын машыктыруучусу Ахметов Мейрамбек Джанилович 200 000 сом, дзюдочу Айбек уулу Кубанычбекке 250 000 сом жана анын машыктыруучусу Жусупов Бакыт Качкынбекович жүз миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Окшош жаңылыктар

863382828_2445377935989033_8117378537476577719_n

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

867226188_1463837745935118_2651488207085282909_n

Ош менен Франциянын ортосунда жаңы көпүрө: эки тараптуу кызматташтык кеңейүүдө

375.970

Ош: Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери уланууда

867616126_1463665229285703_6133499748336258456_n

Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

866281233_1098994409680445_8445177470480105108_n

Ош шаарында 400 орундуу оорукана жана жаңы онкоборбор курулат

Видео