ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлардагы аталыштарда жана маалыматтарда мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча мониторинг иштери улантылууда

Бүгүн, Ош шаарынын А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан ашканалардын, кафе-ресторандардын жарнамаларын, ичиндеги маалыматтарды, тамак-аш аталыштарын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында жеринде туура жазылышы текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Тил мыйзамына туура келбеген жагдайлар боюнча мыйзам чегинде иш алып барылып, тиешелүү кызматтар тарабынан тиешелүү акттар түзүлдү. Эскертилген мөөнөттө кетирилген каталар оңдолбосо, белгиленген өлчөмдө айып пул салынары эскертилди.
Ош шаарынын мамлекеттик тил комиссиясы коомдук тамактануучу жайлардын ээлерин мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын аткарууга чакырат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео