Ош шаарынын аймагында жалпы шембиликтин алкагында 140,8 гектар жер аянты тазаланып, 690 куб таштанды чыгарылды. Ошондой эле 21280 метр узундуктагы ирригациялык арыктар тазаланып, суу өткөрүү системалары иретке келтирилди.
Ишембиликке Ош шаарынын аймагындагы бардык мекеме-ишканалар менчигинин түрүнө жана аймактык баш ийүүсүнө карабастан активдүү катышып, шаардын тазалыгын камсыздоо жана көрктөндүрүү иштерине өз салымдарын кошушту.
Мындан тышкары жазгы үч айлыктын алкагында шаар аймагында жашыл аймактардын санын көбөйтүү, бак-дарактардын жана ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуу иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, ишембиликтер ар апта сайын “Жашыл мурас” улуттук демилгесин жайылтуу максатында жарыяланган Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын алкагында өткөрүлүүдө.