ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында “Жашыл шаар” демилгеси: стратегиялык долбоорду ишке ашырууга старт берилди

🔹Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин буйругуна ылайык Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражаттын негизинде ишке ашырылып жаткан “Жашыл шаар” иш-аракеттер планынын долбоору иштелип чыгууда.
🔹Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев жумушчу топтун жетекчиси катары бүгүн тиешелүү кызматтын жетекчилери, ЕБРР банкынын өкүлдөрү, консултант-адистердин катышуусунда биринчи отурумду өткөрдү.
🌿 “Жашыл шаар” долбоору — Ош шаары үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ал шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, инфраструктурасын жана экологиялык абалын заман талабына ылайык жакшыртууну көздөйт.
♻️ Долбоордун негизги артыкчылыктары:
• Шаардын туруктуу жана экологиялык таза өнүгүүсүн камсыз кылуу
• Инфраструктураны, коммуналдык кызматтардын ишин модернизациялоо
• Эл аралык стандарттарга ылайык жашыл саясатты киргизүү
• Эл аралык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү
🤝 Эң башкысы, бул демилге аркылуу Ош шаарында жашыл өнүгүү багытындагы ири долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео