ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жазгы үч айлыктын алкагында шаар аймагында жалпы ишембилик башталды

🔹 Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жалпы кызматкерлердин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында Ош шаарында жазгү үч айлык ишембилик башталды.
🔹Жазгы үч айлык ишембиликтин алкагында Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын ички бөлүгү жана жээктери таштандылардан толук тазаланат. Шаар башчысы дарыянын нугун тазалап, ачуу сел кырсыктарынын алдын алуу үчүн маанилүү экенин белгиледи. Анын негизинде дарыянын жээгин жана ички бөлүгүн тазалоо иштери башталды.
Учурда тазалоо иштерине 10го жакын атайын техника тартылып, тиешелүү кызматтар тарабынан жумуштар активдүү жүргүзүлүүдө. Акциянын алкагында дарыянын жээгинде топтолгон таштандылар чыгарылып, нугун кеңейтүү жана тазалоо иштери жүргүзүлөт.
🔹 Калаа башчысы шаардыктарды тазалоо, жашылдандыруу иштерине активдүү катышууга жана тазалыкты сактоо, таштанды таштабоо маданиятын калыптандырууга чакырды.
🔹 Белгилей кетсек, ишембилик шаардын бардык аймактарында улантылат.
default

default

default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео