ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жазгы үч айлыктын алкагында жалпы ишембилик өтүүдө

Ош шаарынын аймагында жазгы үч айлыктын алкагында жалпы ишембилик өтүүдө. Ишембиликке шаардагы бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, айылдык, муниципалдык аймактык башкармалыктар, жогорку, орто, кесиптик окуу жайлары жана шаар тургундары катышууда.
🔹 Бул жолу 26-марттагы штабдын үчүнчү жыйынында берилген тапшырмага ылайык шаардагы бак-дарактарды актоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле шаардагы парктар, эс алуу жайлары, көчөлөр, имараттардын алды иретке келтирилүүдө.
🔹Мындан сырткары шаар аймагындагы рекультивацияланган эки көрүстөнгө көчөттөр отургузулуп, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.
🔹Ишембиликти жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн атайын техникалар бөлүнүп, катышуучулар керектүү шаймандар менен камсыздалып, тиешелүү кызматтар тарабынан жумуштар активдүү алынып барылууда.
🔹 Белгилей кетсек, “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ишке ашыруу максатында жарыяланган жазгы үч айлык өнөктүгү Ош шаарында 2026-жылдын 31-майына чейин улантылат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео