ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жазгы чуркоо марафону өттү

Ош шаарында 6-апрель – Дене тарбия жана спорт күнүнө карата жазгы чуркоо марафону өткөрүлдү. Марафонго шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер, жогорку класстын окуучулары, өзгөчө балдар жана шаар тургундары, жалпы 2000 ден ашуун адам катышты.
🔹 Мелдеш жалпы 14 категория боюнча өткөрүлүп, катышуучулар 200, 500, 600 жана 1200 метр аралыктагы төрт дистанцияда чуркап, күч сынашты. Марафондун жыйынтыгында бардык категориялар боюнча жеңүүчүлөр жана активдүү катышкан мыктылар аныкталды.
🔹 Алар Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер, дипломдор жана медалдар менен сыйланды. Ошондой эле өзгөчө балдарга, мектеп окуучулары жана студенттерге кызыктыруучу белектер тапшырылды.
🔹 Сыйлоо аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, жеңүүчүлөрдү куттуктап, аларга мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео