ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жазгы жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштери күчөтүлөт

Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык боюнча штабдын экинчи жыйыны өткөрүлдү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык аймактык жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.
🔹 Жыйында жазгы үч айлыктын алкагында өткөрүлүүчү ишембиликтерди жогорку уюшкандыкта өткөрүү, интернет провайдерлерине тиешелүү чубалгыларды инвентаризациялоого алып, тартипке салуу жана аялдамаларды, шаардын көркүн бузган көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү, казылган көрүстөндөрдүн ордун тегиздеп, көчөттөрдү эгүү жана шаар боюнча жашылдандыруу иштерин тездетүү маселелери каралды.
🔹 Мындан сырткары мекеме-ишканаларга өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды тазалоо, көрктөндүрүү иштеринде жоопкерчиликтүү мамиле жасап, жогорку деңгээлде иш алып баруу жана жалпы шаар тургундарын ишембиликке активдүү катышууга чакыруу тапшырмасын койду.
🔹 Белгилей кетсек, Улуттук «Жашыл Мурас» кампаниясынын алкагында жарыяланган жазгы үч айлык өнөктүгү Ош шаарында 2026-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин улантылат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео