Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясы кызыкдар тараптарды «Ош шаарында «Жибек-Жолу» соода-логистикалык борборун уюштуруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо максатында өткөрүлүүчү түз сүйлөшүүлөргө катышууга чакырат.
Жеке демилге жөнүндө сунуш менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: ЖДС
Түз сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн квалификациялык талаптар менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: КТ
Макулдашуунун долбоору менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: Макулдашуу
Түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышуу үчүн арыздар жана аларга тиркелген документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 221 Тел.: 0 (3222) 5-51-51, 0 (3222) 5-55-51 Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү – 2026-жылдын 6-июлу, саат 18:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
