ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарындагы диний мекеме-уюмдарда, мечиттерде жана медреселерде мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүлдү

Бүгүн, Ош шаарында жайгашкан диний мекеме-уюмдардын, мечиттердин жана медреселердин аталыштары, ичиндеги маалыматтар жана жазуулардын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк бөлүмү менен биргеликте жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын бузган жана кыргыз тилинин жазуу эрежелерине туура келбеген одоно каталар жеринде алынып салынып, эскертүүлөр берилди.
Ош шаарынын мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы боюнча мониторинг иштери улантылмакчы.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео