ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болду

Бүгүн, 7-июнь күнү Ош шаарынын финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош башкармалыгынын жамааты, мекеме-ишканалардын эсепчилери катышышты.
Марс Исаев мамлекетинин тарыхынын кайсыл гана мезгилин албайлы экономист менен финансистер өлкөнүн экономикалык-социалдык өнүгүшүнө кошкон салымы эбегейсиз экендигин баса белгиледи.
Мамлекеттин, анын ичинде Ош шаарынын экономика жана финансы тармагынын калыптанышына өздөрүнүн татыктуу салымын кошкон бир нече экономистер, финансисттер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана Ыраазычылык баракчалары менен сыйланды.
Ошондой эле, Ош шаардык Кенешинин атынан да бир топ эсепчилер Ардак грамота менен сыйланышты.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео