ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын Кызыл-Байрак айылына 500 орундуу жаңы мектептин курулушу пландалууда

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Кызыл-Байрак айылына барып, жаңы мектеп куруу өтүнүчү менен кайрылган жергиликтүү тургундар менен жолукту.
🔹 Аталган аймактагы М. Маматалиев атындагы №60 мектеп 200 окуучуга ылайыкталганына карабастан, учурда анда 400дөн ашуун окуучу билим алууда. Ушуга байланыштуу жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруу өтүнүчү менен кайрылышкан.
🔹 Жанарбек Акаев мектептин инфраструктурасы менен жеринде таанышып чыгып, тиешелүү кызматтарга 500 орундуу жаңы мектеп жана спорт зал куруу боюнча долбоорду жана керектүү документтерди даярдоо иштерин баштоо тапшырмасын берди.
🔹 Белгилей кетсек, бул аймак өткөн жылы административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын курамына өткөн.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео