ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун Орозо айт майрамына карата куттуктоосу

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Баарыңыздарды улуу, ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайм!

Рамазан айы – тынчтыктын, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, берекенин ыйык айы. Бир ай бою жакшылыкка үмүт байлап, жакшы ниет менен орозо кармап, бүгүнкү айт намазын сиздер менен чогуу окуп жатабыз.

Орозо айт – элибиздин илгертен бери белгилеп келген кайрымдуулук жана кубаныч майрамы.
Бүткүл мусулман эли бул күндү ырайымдуулуктун жана руханий тазалануунун символу катары белгилейт.
Бүгүн Алла Тааланын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды, ишенимибизди бекемдей турган күн.
Кымбаттуу мусулман бир туугандар!

Ушул күнү ыйман нуру ар бирибиздин жүрөгүбүзгө жылуулук тартууласын. Орозо айында муктаждарга жасаган соопчулук, кайрымдуулук ишиңиздер мындан ары да улана берсин!
Ыйык айтта сиздер ниет кылган дуба-тилектердин баары кабыл болсун!

Ар бир үйгө токчулук, береке, ырыс-кешик каалайм!

Ордолуу Ошубуздан ырыскы кут кетпесин! Өлкөбүзгө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү орносун.
Кийинки Орозо айт намазында баарыбызга аманчылыкта жолугушууну насип этсин.

Орозо айтыңыздар маарек болсун!

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео