ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн укту

Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен болгон жолугушууда берген убадасына ылайык жашоочулар менен бирге көйгөйлүү маселелерин жеринен көрүп, таанышып чыкты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мэр Бакытбек Жетигенов тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери менен бирге Урицкая, Краснофлотская, МЖК-1-2, Ш.Руставелли, Гастелло, Р.Абдыкадыров көчөлөрүн, Анар, Төлөйкөн, Кулатов, Черемушки кичи райондорун кыдырып чыгышты.
Аны менен катар Ноокат – Кадамжай – Кызыл-Кыя багыттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн өз алдынча унаа токтотуучу жайларды уюштурган жерге барып жашоочулар менен да жолукту. Мында тургундар аймактарга каттаган таксилер жол кыймылына, жашоочуларга тоскоолдуктарды жана ыңгайсыздыктарды жаратып жатышкандыгын айтышты. Анын негизинде атайын кызматтардын жана мекемелердин жетекчилерине тиешелүү иш аракеттерди алып баруу, аймакты иретке келтирүү тапшырмасы берилди.
Мындан сырткары аталган аймактын жашоочулары, спорт аянтчаларын куруу, ички жолдорду асфальттоо жана ирригациялык тутумдарды, тротуарларды иретке келтирүү, мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү сыяктуу көйгөйлөрүн айтышты.
Мындай жолугушуулар шаардын баардык аймактарында уланат.
Кайрылган жарандардын арыздары жеринен каралат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео