ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер менен жолугушту

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде инвестиция, туризм тармагын өнүктүрүү, эмгек мигранттарын колдоо, Ош шаарынын жаштарын англис тилин жана IT-технологияларын үйрөнүү боюнча билимин жогорулатуу маселелери талкууланды.

Н.Боулер быйыл Ош шаарындагы кичи жана орто бизнести колдоо максатында инвестиция тартуу боюнча долбоорду жүзөгө ашырууга кызыктар экендигин билдирди.

Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэриясы шаар тургундары үчүн пайдалуу болгон бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, демилгелерди колдоого ар дайым даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ош шаары менен Бирмингем шаарынынын ортосунда тажрыйба алмашуу, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашылды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео