Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Көкүм-Бий көчөсүндөгү № 94, № 96 үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн жеринде укту.
Жолугушууда тургундар коомдук транспорттун каттамы, аялдама маселеси, балдар аянтчасы жана көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча сунуш-пикирлерин жана кайрылууларын билдиришти.
Шаар башчысы көтөрүлгөн маселелерди жеринде карап чыгып, аларды чечүү боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди. Тапшырмалардын аткарылышы көзөмөлгө алынат.
