ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Алымбек датка” аймагынын тургундары менен жолукту

📆 Ош шаары, 11-май
🔹 Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Анда шаар башчы жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берип, актуалдуу маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

🔹Көтөрүлгөн негизги маселелер:
Тургундар тарабынан тротуарларды куруу боюнча суроо берилди. Мэр Жанарбек Акаев бул маселени жеринде карап, Жолдор башкармалыгына тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле Абжалов көчөсүндөгү канализация маселеси каралып, чечүү жолдору талкууланды.

🔹 Ошондой эле тургундар Токтогул атындагы мектебине кошумча корпус куруу, балдардын жолдо жүрүү, жайкы сезонго карата каналдардагы коопсуздугун күчөтүү чараларын суранышты. Мэр шаардагы мектептердеги жүктөмдү азайтуу максатында учурда 17 жаңы мектеп курулуп жатканын билдирди.
🔹 Жаңы муниципалдык базарга каттаган маршруттук каттамдардын санын көбөйтүү боюнча сунуш түштү. Бул маселе да каралып, маршруттук каттамдар жакынкы убакта көбөйтүлмөй болду.
🔹Жолугушуунун жүрүшүндө мэр Жанарбек Акаев административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга жаңы аймактар кошулгандан кийин таза суу жана чаң маселеси актуалдуу бойдон калып жатканын кошумчалады. Бул багытта системалуу иштер жүрүп жатканын айтты.
Маалымат үчүн:
Шаар мэринин эл менен жолугушуулары мындан ары да бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда улантылат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео