ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин Энелер күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу энелер, апалар, аялзат!
Сиздерди Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Эне – бул мээримдин, сабырдын, өзүн аябаган эмгектин символу. Үй-бүлөнүн жылуулугу, балдардын келечеги, коомдун тынчтыгы силердин колуңарда. Сиздердин ак батаңыздар, акыл-насаатыңыздар ар бир үйдүн нуру, шаардын берекеси. Президентибиз билдиргендей, сиздер урпак гана улабастан, шаарга, өлкөгө керектүү эр-азаматтарды тарбиялап келесиздер.
Ош шаарынын өнүгүүсүнө, жаш муунду тарбиялоого кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Ар дайым ден соолугуңар чың, үй-бүлөңүздөр менен ынтымакта, бейпил турмуш сүрүңүздөр!
Майрамыңыздар куттуу болсун!
Урматым менен, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео