“Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү ижара шартында убактылуу пайдаланууга уруксат берүү” комиссиясынын 2024-жылдын 6-июнундагы протоколуна ылайык, Ош шаарындагы төмөндөгү муниципалдык обьектилер ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча конкурс жарыялайт.
Конкурска катышуучулар: Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты Ош шаарынын Заднепровский көчөсү, №4 дарегинде кабыл алынат. (3-кабат, 13-каана)
1.Физикалык жактар үчүн паспорт.
2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө –конкурс үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт.
3. Башталгыч баадан 10% өлчөмүндө кепилдик внос жана коюлган лоттун башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым төлөгөндүгүн тастыктаган документтер. Төлөм кабыл алуучу банк-Ош шаары “ОАО РСК” №4407011001000191, лиц счет 4407011101000191, төлөм коду: 31412110, БИК 129039.
Конкурска катышуу туралуу бекитилген формадагы арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен.
Эскертүү: Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ал же тигил обьектини (мүлктү) конкурс белгиленген күнгө 3 күн калганга чейин конкурсту алып салууга укуктуу.
Көңүл буруңуздар: Кункурска бардык физикалык жана юридикалык жактар алардын ичинде конкурс өткөрүүгө 3 (үч) күн калганда конкурска катышу туурасында арыз берген жактар катыша алат.
Конкурска катышууну каалагандар өздөрүнүн өкүлдөрү (ишеним кат) аркылуу аракеттенүүлөрү мүмкүн.
Сурап билүү телефондору: (03222) 7-07-04.