Аукционго катышуучулар төмөндөгү дарекке кайрылышат:
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 ( 2-кабат, 5-кана).
- Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү .
- Юридикалык жактар үчүн нотариалдык каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү ( учредительный) документтердин нускасы ( чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө аукцион үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт.
- Башталгыч баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана коюлган лоттун башталгыч баасынын 0,5 % өлчөмүндө комиссиондук жыйым төлөгөндүгүн тастыктаган документтер.
- Аукционго катышуу туралуу бекитилген формадагы арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен.
Аукцион өткөрүү менен Ош шаарынын мэриясынын сайтына жарыя чыккан күндөн баштап, 30 (отуз) күндүк мөөнөт менен өткөндөн кийин аукцион өткөрүлөөрүн маалымдайбыз.
Эскертүү: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы ал же тигил объектини ( мүлкү) аукцион белгиленген күнгө 3 күн калганга чейин аукционду алып салууга укуктуу.
Көңүл буруңуздар: Аукцион өткөрүү күнү Ош шаарынын мэриясынын же Ош шамы гезитинин сайттарына жарыя чыккан күндөн баштап, 30 (отуз) күн мөөнөттөн өткөндөн кийин аукцион өткөрүлөт.
Аукционго бардык физикалык жана юридикалык жактар, алардын ичинде аукцион өткөрүүгө 1 (бир) күн калганда аукционго катышуу туурасында арыз берген жактар катыша алат.
Аукционго катышууну каалагандар, өздөрүнүн өкүлдөрү ( ишеним кат) аркылуу аракеттенүүлөрү мүмкүн.