Аукционго катышуучулар төмөндөгү дарекке кайрылса болот:
Керектелүүчү документтер:
1. Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү.
2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө аукцион үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт.
3. Башталгыч баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана коюлган лоттун башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым төлөгөндүгүн тастыктаган документтер.
4. Аукционго катышуу тууралуу бекитилген формадагы арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен.
Аукцион өткөрүү күнү Ош шаарынын мэриясынын сайтына жарыя чыккан күндөн баштап, 30 (отуз) күндүк мөөнөт өткөндөн кийин аукцион өткөрүлөөрүн маалымдайбыз.

