ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын прокуратурасы тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте шаардын ишкерлери жана бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29- январындагы ПЖ 3 сандуу “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жана 2021-жылдын 4-мартындагы ПЖ 61 сандуу “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыктар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 7-декабрындагы ПЖ 388 сандуу Жарлыгы менен “Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө” Жобо бекитилип, анын негизинде автоматташтырылган система ишкер киргизилген. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан ишкерлер үчүн атайын “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси ишке киргизилип, азыркы учурда колдонулуп келүүдө.

Аталган жолугушууга Ош шаардык прокуратурасынын кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын, салык органдарынын, Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын алкагында учурдагы маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео