ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого Кореядан 10 млн долларлык грант тартылат

🔹 Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Корея Республикасынын алдыңкы суу ресурстарын башкаруу корпорациясы – “K-water” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
🔹 Жолугушууга компаниянын жетекчисинин орун басарлары Ли Сан Ён, Кон Ён Джун, ошондой эле менеджерлер Ким На Рэ жана Но Джэ Гён катышты.
🔹 Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ош шаарынын таза суу менен камсыздоо тармагын интеллектуалдык башкаруу долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды. Аталган долбоордун жалпы баасы 10 миллион АКШ долларын түзүп, каражат кайтарымсыз грант түрүндө берилет.
🔹 Долбоордун алкагында Озгур суу тазалоочу станциясын модернизациялоо, ошондой эле шаардагы суу менен камсыздоо системасын санарип жана “акылдуу” башкаруу технологияларына өткөрүү каралууда.
🔹 Мындан тышкары, мекеменин операциялык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана инфраструктураны жаңылоо маселелери да талкууланды.
🔹 Тараптар долбоорду эффективдүү ишке ашыруу жана мындан аркы узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.
📌 Бул демилге Ош шаарынын суу менен камсыздоо системасын модернизациялоого, ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео