Бүгүн 17-ноябрда, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири — транспорттук түйүндүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Учурда курулуш аянтчасында транспорттук түйүндүн балкаларын орнотуу иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери белгиленген мөөнөттө аяктоо максатында күнү-түнү, күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында транспорттук жол түйүнү, 4 пандус, 8 тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат. Ошондой эле унаалардын кыймылын жеңилдетүү максатында айланма жолдор каралган.
Долбоордун жалпы аянты 6 603 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктүн аянты 1 622 чарчы метр болуп, диаметри 100 метрди түзөт.
Жаңы транспорттук түйүн шаардагы жол кыймылын жөнгө салууга, унаа тыгындарын азайтууга жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.
