ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленип, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Саадат Туйгунова, Ош шаарынын мэринин орун басарлары, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Бакытбек Жетигенов куттуктоо сөзүндө ”Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан кадрлардын сапатына, кесиптик даярдыгына, кызматтык кѳтѳрүлүүсүнѳ өзгөчө кѳңүл бурулууда. Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен муниципалдык кызматкерлердин эмгек маяналары жыл сайын жогорулоодо. Ош шаарынын мэриясы да эл үчүн ак кызмат өтөгөн, сыймыктуу кесип ээлерине ар тараптан колдоо көрсөтүп келет”-деп белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошкон бир катар кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, ыраазычылык барактары тапшырылды.
Ошондой эле мэр жаш муниципалдык кызматкерлерге белектерди тапшырып, өз кесибинин мыктысы болуп, шаарыбыздын, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууда ийгилик каалады.
Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында Ош шаардык кеңешинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, профсоюздун, Ош шаарынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү куттукташып, белектерин тапшырышты.
Маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы жыл сайын салтанаттуу белгиленип келет. Бул майрам БУУнун Ассамблеясы тарабынан 2002-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео