
Ишембиликке атайын техникалар тартылып, катышуучулар керектүү шаймандар менен камсыздалды. Учурда негизинен Ак-Буура дарыясынын ички бөлүгү жана жээктери тазаланып, таштандылар, былтыркы калдыктар, чөптөр жана камыштар алынып салынууда. Ошондой эле шаардагы парктар, көчөлөр жана имараттардын айланасы иретке келтирилип жатат.