Бүгүн Ош шаарынын Көчкөнөв көчөсүнүн №135 дарегинде 6 кабаттуу, 19 блоктон турган жаңы көп батирлүү үлүштүк турак үйүнүн курулушуна капсула салынды. Салтанаттуу аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, шаардык депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Долбоорду Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ишке ашырууда. Жаңы турак үйдө жалпы 815 батир болот. Анын ичинде 1 бөлмөлүү – 246, 2 бөлмөлүү – 494, 3 бөлмөлүү – 75 батир каралган.
Үйдүн 1-кабатында коммерциялык жайлар, ошондой эле балдар бакчасы жана унаа токтотуучу жай курулат.
Бул долбоор шаар тургундарынын турак жай маселесин чечүүгө жана Ошто ипотекалык курулушту өнүктүрүүгө багытталган.
