ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто Оксфорд мектеби курулуп башталды

Бүгүн Ош шаарында Oxford International School инновациялык билим берүү комплексинин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү.
Мезгил кутучасын Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев салып, жаңы комплекс шаардагы билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жаш муун үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү инвестициялык долбоорлордун бири экенин белгиледи.
Шаар башчысы ошондой эле бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө эл аралык стандарттарга жооп берген билим берүү мекемелерине болгон суроо-талап өсүп жатканын жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытында мэрия тарабынан мындан ары да ар тараптуу иштер жүргүзүлөрүн билдирди.
Мэр: “Мындай заманбап окуу борборлору окуучуларга сапаттуу билим берүү менен гана чектелбестен, жаңы технологияларды, инновациялык окутуу ыкмаларын жана ар тараптуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт. Ош шаарында ушундай деңгээлдеги билим берүү комплексинин ачылышы шаар тургундары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жаштардын атаандаштыкка жөндөмдүү билим алуусуна өбөлгө болот”.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэриясы менен Oxford International School ортосунда бул долбоорду ишке ашыруу жана билим берүү тармагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюлган.
Курула турган билим берүү ордосу Ашимахунов көчөсүндө жайгашып, 700 орундуу мектепти жана 140 орундуу бала бакчаны камтыйт. Мында заманбап окуу класстары менен катар лабораториялар, китепканалар, спорттук залдар, чыгармачылык борборлор жана ачык спорттук аянтчаларды куруу каралган.

Окшош жаңылыктар

1222a966-13c4-4f8c-ab19-fb22783b0ef3

Мэр: Үйү бузулган бир дагы жаран үйсүз калбайт

858987859_1460009356317957_5309757377006198829_n

Жашыл шаар: Ошто энергетика, суу жана транспорт тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

Видео