ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто заманбап жана экологиялык талаптарга жооп берген мейманкана ачылды

Ош шаарында заманбап талаптарга жооп берген “TES HOTEL” мейманканасынын жаңы имаратынын расмий ачылышы болду. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков катышты.
🔹Аталган мейманкана 2003-жылы 5 бөлмөлүү чакан конок үй катары ишин баштаган. Акырындык менен өнүгүп, бүгүнкү күндө 52 бөлмөлүү заманбап мейманкана комплекси катары жаңыланып ишке берилди.
🔹Долбоордун жалпы көлөмү болжол менен 124 миллион сомду түзүп, анын ичинен 83 миллион сомдон ашуун каражат Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Бул колдоо заманбап мейманкананы курууга жана тейлөө сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түздү.
🔹Жаңы имаратта экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү технологияларга өзгөчө көңүл бурулган. Жылытуу системалары жана абаны тазалоо функциясы заманбап стандарттарга ылайык жасалган.
🔹”TES HOTEL” негизинен чет өлкөлүк туристтерди жана иш сапар менен келген конокторду кабыл алат. Мейманкана сапаттуу тейлөө жана экологиялык таза шарттарды сунуштоо менен заманбап туризм талаптарына жооп берет.
🔹Бул долбоор коммерциялык объект гана эмес, шаардагы заманбап жана туруктуу мейманкана бизнесинин үлгүсү катары каралууда.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео