ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто жаңы жашыл аймак түптөлүүдө: бир күндө 1300 көчөт отургузулду

🔹 Бүгүн Ош шаарындагы Э.Алиев көчөсүндө жайгашкан, мурда рекультивацияланган Хохлова көрүстөнүнүн аймагында кеңири масштабдагы жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Долбоордун негизги максаты — шаардагы экологиялык абалды жакшыртып, жаңы эс алуу жана жашыл мейкиндиктерди түзүү.
🔹 Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин төрагасы, коомдук ишмерлер, аксакалдар, жаш активисттер жана коммуналдык кызматтардын өкүлдөрү катышты.
🔹 Шаар мэри Ошто жашыл аймактардын жетишсиздигин белгилеп, мындан ары шаарды системалуу түрдө жашылдандыруу негизги багыттардын бири болорун билдирди.
“Бул аймакта мурда көрүстөндүн үстүнө турак жай куруу аракеттери болгон экен. Биз мындай мыйзамсыз иштерди өз убагында токтоттук. Анткени көрүстөндүн үстүнө көп кабаттуу турак жай курууга мыйзам жол бербейт. Азыр бул жерди мыйзам талаптарына ылайык иретке келтирип, жашыл зонага айландырып жатабыз”, — деди мэр.
Ал эми министр “Жашыл мурас” программасынын алкагында 2026-жылы өлкө боюнча 9 миллион бак отургузуу пландалып жатканын айтып, Ош шаарындагы демилгелерди жогору баалады.
🔹 Иш-чаранын жүрүшүндө аймакты комплекстүү жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, декоративдүү жана көлөкө берүүчү бак-дарактардын 6 түрүнөн 1300гө жакын көчөт отургузулду. Бул иштер шаарды көрктөндүрүү, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу жашоо чөйрөсүн түзүүгө багытталган.ү
default

default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео