ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Оштогу жеке медициналык мекемелердин жана клиникалардын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты

С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, жеке медициналык мекемелер жана клиникалар ассоциациясынын жетекчиси Камчыбек Исабаев, Ош шаарынын жана Ош облусунун жеке медициналык мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө медицина тармагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Ошондой эле эстрада жылдыздарынын жана бий топторунун катышуусунда концерттик программа тартууланды.
Жеке медициналык мекемелер жана клиникалар ассоциациясына шаардагы 62 медициналык мекеме кирет, анда 2000ден ашуун медициналык кызматкерлер эмгектенишет.
Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде белгиленет.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео