ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Оштун көркү болгон Г. Айтиев көчөсү толугу менен жаңыланды

Бүгүн Ош шаарында Г. Айтиев көчөсүнүн Ш. Руставели көчөсүнөн Алымбек датка көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.
Долбоордун алкагында жалпы узундугу 1305 метр, туурасы 24 метр болгон жолго калыңдыгы 12 сантиметр жаңы асфальт-бетон катмары төшөлдү. Ошондой эле көчөнүн эки тарабына жалпы узундугу 3400 метр жаңы тротуарлар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулуп, заманбап жол чиймелери түшүрүлүп, жол белгилери жаңыртылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Г. Айтиев көчөсүндөгү тротуарлардын абалы канааттандырарлык эмес болуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген.
Капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин көчө аманбап талаптарга ылайык толугу менен жаңыланып, автоунаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз, ыңгайлуу жүрүүсү үчүн бардык шарттар түзүлдү.

Окшош жаңылыктар

1222a966-13c4-4f8c-ab19-fb22783b0ef3

Мэр: Үйү бузулган бир дагы жаран үйсүз калбайт

858987859_1460009356317957_5309757377006198829_n

Жашыл шаар: Ошто энергетика, суу жана транспорт тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

Видео