ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Президент Садыр Жапаров Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

📆 Ош шаары, 10-апрель
🔹 Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош шаарындагы иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Шаар мэри Жанарбек Акаев мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат берди.
🔹 Бүгүнкү күндө дарыянын нугунан 323 510 тонна сел калдыктары жана кум-шагыл массалары чыгарылып, суунун агымын тосуп турган тоскоолдуктар жоюлду. Ошондой эле дарыянын айланасы иретке келтирилип, жээк тилкелери оңдолууда.
🔹Ошондой эле Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында жергиликтүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары Ак-Буура дарыясынын ички бөлүгүн жана жээктерин тазалоого активдүү көмөк көрсөтүштү.
🔹Өлкө башчысынын колдоосу менен жумуштарды ишке ашырууга 24 млн сом бөлүнгөн. 22 даана атайын техника тартылып, механикалык иштер аткарылууда. Белгиленген иштердин бардыгын ушул жылдын 15-апрелине чейин аяктоо пландалууда.
🔹 Президент Садыр Жапаров суу объектилеринин экологиялык абалын жакшыртууга жана калктын коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.
________________
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү
default

default

default

default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео