ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Президент Садыр Жапаров Ошто шаар калкын таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди

Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош шаарында жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди.

Эске салсак, ушул жылдын июль айында Мамлекет башчысы Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы таза суу үчүн төрт жаңы суу сактагычтын курулушу менен таанышып, түштүк борбордун тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселесин бир айдын ичинде чечүүнү тапшырган.

Ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөт. Аларда жарандар үчүн ичүүчү таза суу топтолот.

Мамлекет башчыга суу алуучу жайды расмий ишке киргизүүнүн алдында шаар бийлиги жабдууларды сыноодон өткөрүп, резервуарларды дезинфекциялоодон өткөргөнү маалымдалды. Азыр Ош шаарында ичүүчү суу маселеси чечилди. Долбоордун баасы 194 млн сомду түзөт.

Президент Садыр Жапаров суу алуучу жайдын насостук станциясынын иши менен таанышып жатып, жаңы объектинин ишке берилгендигин канааттануу менен белгилеп, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси мамлекеттин стратегиялык милдеттеринин бири экенин, аны чечүү адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга түздөн-түз таасирин тийгизерин ырастады. Ош шаарында көп жылдардан бери ичүүчү суу маселеси курч бойдон калып келген. Эгерде мурда сел жана жамгыр учурунда ачык суу сактагычтын – Ак-Буура дарыясынын пайдаланылган суусу булгангандыктан, шаардыктарга суу берүү токтотулуп келсе, азыр бул маселе чечилди.

Окшош жаңылыктар

238187ef-d0c6-4902-bcd3-5e27a833b9af

Ош шаарында “Урпак” бала бакчасы ачылды

a83d6ca4-1657-440b-9573-0aaf2458950d

Шаар күнүндө төрөлгөн ымыркайларга белек берилди

835217296_1444867407832152_7814321172956563720_n

200 миң сом акчалай сыйлык: Ошто мугалимдер күнү белгиленди

839068339_1444848674500692_2072775587931112978_n

Ош шаарында бир күндө эки бала бакча, эки мектеп пайдаланууга берилди

836703922_1444699444515615_8434144860778293344_n

Ош шаарында 500 орундуу жаңы мектеп ачылды

837269425_1444660734519486_2153231829282063579_n

Ош шаарында 450 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Видео