ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Пробация кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров пробация кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйында, 2023-жылдын 4-кварталында өткөн жыйында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, 2024-жылдын 1-кварталына карата коомдук жумуштарды аткаруу үчүн объектилердин тизмесин бекитүү, Ош шаары боюнча пробация бөлүмүндө каттоодо турган жарандарга социалдык, медициналык жактан көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле пробация жаатында аткарылган жумуштарды “Пробация” санариптик маалымат тутумуна киргизүү боюнча маселе каралып, бир катар сунуштар айтылды.

Соңунда пробациянын кардарларын талаптарга ылайык кайрадан социалдаштыруу, оор турмуштук кырдаалдан чыгууга ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео