Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин катышуусунда Р. Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень бадалы отургузулуп жатат
Жашылдандыруу иш-чарасына тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери жана жашылдандыруу тармагындагы кызматкерлер да салым кошууда.
Сирень, жаз мезгилинде кооз гүлдөп, жагымдуу жыпар жыты менен айырмаланган декоративдүү бадал болгондуктан шаарга отургузууга ылайыктуу. Бийиктиги 2 метрден 5 метрге чейин жетип, май-июнь айларында 3–4 жума бою гүлдөп шаарга көрк берип турат.
Бул иштер шаар аймагын жашылдандыруу, көчөлөрдүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана шаар тургундары үчүн жагымдуу чөйрө түзүү максатында жүргүзүлүүдө.
