Р. Абдыкадыров кең көчөсүнө жаңы жарыктандыруу системасы орнотулду. Аталган иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
Аткарылган жумуштар менен жеринде таанышкан шаар мэринин орун басары Эрнис Толтоев келерки жылы башка көчөлөрдү да заманбап жарыктандыруу менен камсыздоо пландалып жатканын билдирди.
