ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Сүйүнбаев көчөсүндөгү жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

🔹 Бүгүн, 1-май күнү Ош шаарындагы Сүйүнбаев көчөсүндө жайгашкан жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Курулуш иштери мындан туура 2 ай мурун башталып, кыска мөөнөттө ийгиликтүү аяктады. Көпүрө Кайырма каналы аркылуу өтөт.
🔹 Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов жана шаар тургундары катышты. Мэр өз сөзүндө ушул эле канал аркылуу дагы үч көпүрө курулуп жатканын белгилеп, жакынкы майрам күндөрү дагы бир көчө пайдаланууга берилерин маалымдады.
🔹 Долбоордун алкагында узундугу 12 метр, туурасы 22 метр болгон заманбап көпүрө курулуп, бардык техникалык талаптарга жооп берген инфраструктуралык объект ишке берилди.
default

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео