ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Санкт-Петербург көчөсү пайдаланууга берилди

🔹 Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө карата Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылып, пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү, Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдугунун өкүлдөрү, “Орус үйүнүн” кызматкерлери, шаар тургундары жана коноктор катышты.
🔹 Бул көчө 49-көчө менен кесилишип, Мамыров көчөсүнө туташат. Жол менен кошо 49-көчөнү бириктирген жаңы көпүрө да курулуп, пайдаланууга берилди. Узундугу бир чакырымга жакын көчөдө кызыл сызыкка чыккан курулуштар жылдырылып, электр мамычалары жаңыланды. Ошондой эле түнкү жарыктандыруу орнотулуп, тротуар жана ирригациялык тутумдар жасалды.
🔹Ачылыш аземге катышкан мэр Жанарбек Акаев тургундарды 9-май майрамы, жолдун ачылышы менен куттуктады. Ошондой эле азыркы тапта шаарда 50 чакырымга чукул жол жасалып жатканын кошумчалап, бул чек эмес экенин, калаанын инфратүзүмү мындан ары да жакшыртыла турганын айтып, шаардыктарды кубандырды.

default

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео