ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Статистика кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, Ош шаардык статистика башкармалыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов катышып, статистика тармагында эмгектенип келе жаткан кызматкерлердин, ардактуу ардагерлердин кесипкөйлүгүн белгилеп, кесиптик майрамы менен куттуктап, ак эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Статистика кызматкерлеринин кесиптик майрамы 1995-жылдан бери жыл сайын апрель айынын акыркы жекшембисинде белгиленип келет.

Быйыл бул тармакка 98 жыл толду. Статистика боюнча биринчи комитет 1926-жылдын 29-апрелинде түзүлүп, ага статистикалык маалыматтарды ар тараптуу иштеп чыгуу, ошондой эле ошол мезгилде ар кандай ведомстволордун жана мекемелердин курамына кирген статистикалык органдардын ишин координациялоо милдети жүктөлгөн.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео