ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Төлөйкөн айылында 300 кожолукка алгачкы жолу саркындуу суу түтүкчөсүн орнотуу жумуштары башталды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бүгүн Төлөйкөн айылында канализация түтүктөрүн тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Учурда “Саябан” жеке компаниясы тарабынан жалпы узундугу 2,5 чакырымды түзгөн канализация түтүктөрүн тартуу иштери аткарылууда. Түтүктөр Жолон Мамытов көчөсүнүн жогорку тарабынан Куренкеев көчөсүнө чейинки аралыкка тартылууда.
Бул долбоор Төлөйкөн айылындагы канализация маселесин чечүүгө багытталган. Аталган маселе буга чейин шаар башчысынын жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда көтөрүлүп, калк үчүн маанилүү көйгөйлөрдүн бири катары белгиленген.
Долбоор мэрдин демилгеси менен шаарга колдоо көрсөтүү максатында ишкерлер тарабынан даярдалып, учурда аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Долбоор толугу менен аяктаганда, Төлөйкөн айылындагы 300гө жакын кожолук борборлоштурулган саркынды суу тутумуна кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Шаар башчысы аталган демилгенин тургундар үчүн өзгөчө зарылдыгын белгилеп, аны ишке ашырууга колдоо көрсөткөн ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

https://www.facebook.com/reel/1408854724636344

Окшош жаңылыктар

1222a966-13c4-4f8c-ab19-fb22783b0ef3

Мэр: Үйү бузулган бир дагы жаран үйсүз калбайт

858987859_1460009356317957_5309757377006198829_n

Жашыл шаар: Ошто энергетика, суу жана транспорт тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

Видео