
Беттешке Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары жана көптөгөн күйөрмандар катышты. Оюндун алдында шаар башчысы сөз сүйлөп, «Алай» футбол клубу Ош шаарынын намысын коргоп келе жаткан команда экенин белгилеп, мэрия тарабынан клубга мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн айтты. Ошондой эле шаарда футболду өнүктүрүү, жаш спортчуларды колдоо жана спорттук инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер улантыларын белгиледи.