Ош: Бир учурда төрт эс алуу жайынын курулушу жүрүп жатат

Бүгүн, А. Навои эс алуу жайы менен “Ферас” бассейнинин ортосундагы тилкеге жаңы эс алуу багынын курулушу башталды Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) өкүлдөрү, куруучулар, жеке компаниялар менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Ош шаарында ишке ашырылып жаткан 4 долбоордун курулушу менен жеринде […]
Жер үстүнөн өтүүчү өтмөктө тесттик режимде лифттер иштей баштады

А. Масалиев менен А. Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү өтмөктө 4 лифт тесттик режимде ишке киргизилди. Лифттер мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарга каралган. Сыноо мөөнөтү 10 күн. Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору өтмөктөгү лифтти колдонууда белгиленген гана жарандардын чыгып-түшүү тартибин так сактоону сиздерден суранабыз. Бул жалпы элдик мүлк.
Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана электрондук документ жүгүртүү тутумунда иштөө боюнча бир топ иш-аракеттер жүргүзүлүүдө

Ош шаарынын мэриясында 18-сентябрдан тарта, үч күн бою мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканалардын, коомдук уюмдардын, билим берүү жана социалдык мекемелердин кызматкерлеринин арасында Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окутуу жүргүзүлдү. Окутууну Ош шаарынын мэриясынын иш кагаздарын камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбекова жүргүзүп, “е-Kyzmat” автоматтык маалымат тутумунда, “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасында иштөө, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

30-сентябрда, шаар күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын борбордук аянтында жеңил атлетика боюнча массалык жарыш өтөт. Жарышка катышууну каалаган жарандар 30-сентябрда саат 08:00дө “Түбөлүк от” мемориалдык комплексинин жанында катталышса болот. Ал эми мекеме-ишканалардын табыштамалары 2023-жылдын 29-сентябрына чейин Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин калыстар тобу тарабынан кабыл алынат. Жөө күлүктөр төмөнкү жаш категориялар боюнча […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

5-октябрь Ош шаарынын күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында жаштар арасында кичи футбол жана волейбол боюнча Ош шаарынын кубогу өтөт. Аталган мелдештерге катышуу үчүн табыштамалар муниципалдык аймактык башкармалыктар аркылуу, шаардык дене тарбия жана спорт комитетине 2023-жылдын 30-сентябрына чейин кабыл алынат. Мелдештерге 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштар катыша алат. А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун резервдик кичи футбол аянтчасында […]
Ордо оюну боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги болуп өттү

Ош шаарында билим берүү мекемелелеринин кызматкерлеринен жана жогорку окуу жайлардын студенттеринен түзүлгөн командалардын арасында улуттук ордо оюну боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгы боюнча педагогикалык жамааттардын ичинен жеңүүчү деп, төмөнкүлөр табылды: – 1-орун ОшМУнун командасы; – 2-орун ОшКУУ командасы; – 3-орун ОшТУнун командасы; – 4-орунду шаардык билим берүү башкармалыгынын командасы ээледи. Студенттер арасында […]
Жарандардын кайрылуусу канаттандырылат

Ош шаарынын Ж.Раимбеков көчөсүндө жайгашкан №2-4-8-1-12-14 көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары балдар ойноочу аянтчанын абалы өтө начар абалга келип, дээрлик курулгандан тарта бир да оңдоп-түзөө болбогондугун, балдар ойноочу аянтча жок кыйынчылык жаралып жатканын айтып кайрылышкан. Мындан улам Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жогоруда аталган көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жерди көрүп чыгып долбоорун жасап кийинки жылкы планга […]
Достук көпүрөсүнүн асты иретке келтирилип, темир тосмо менен тосулат

Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү “Достук” эстакадалык көпүрөсүнүн алдын иретке келтирүү боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов жеринде тиешелүү мекеме ишкана жетекчилери менен жыйын өттү. Анда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү “Достук” эстакадалык көпүрөнүн алдын иретке келтирүү, «Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы муниципалдык ишканасына оперативдик башкарууга өткөрүп берүү, […]
Мэр Б. Жетигенов капиталдык оңдоодон өткөн көчөлөрдү кыдырды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов А.Масалиев кең көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен жеринде таанышты. Мэр тиешелүү кызматтарга жолдун айрым жерлерине бордюрларды орнотууну аягына чыгаруу, А.Навои көчөсүнөн Монуев көчөсүнө чейинки бөлүктөгү ирригациялык түтүктөрдүн үстүн толук ачып чыгууну тапшырды. Мындан сырткары калаа башчысы Ленин көчөсүнө барып, Мамажан көчөсүнөн Загородный көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөөдөн өткөн жолду көрүп […]
Ош шаарында ишкерлер сыйланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында ишкерлердин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу катышып, ишкерлердин шаардын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга кошкон салымын белгилеп, Ош шаарынын мэринин атынан кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнүн 32 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Н.Исановдун 80 жылдыгына арналган иш-чараларга […]