ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана электрондук документ жүгүртүү тутумунда иштөө боюнча бир топ иш-аракеттер жүргүзүлүүдө

Ош шаарынын мэриясында 18-сентябрдан тарта, үч күн бою мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканалардын, коомдук уюмдардын, билим берүү жана социалдык мекемелердин кызматкерлеринин арасында Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окутуу жүргүзүлдү.

Окутууну Ош шаарынын мэриясынын иш кагаздарын камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбекова жүргүзүп, “е-Kyzmat” автоматтык маалымат тутумунда, “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасында иштөө, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын талаптарына ылайык кайрылууларын кароо, алардын көйгөйлөрүн чечүү, иш кагаздарынын мамлекеттик, расмий тилдерде так жана туура жазылышы, түзүлүшү, мазмуну, колдонуу чөйрөсү багытында сабак өттү.

Катышуучулар бир нече багыттар боюнча пикир алмашышып, практикалык негизде ар тараптуу мисалдар жана колдонмолор менен тааныштырылды.

Окутуулар мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчөтүү, өнүктүрүү жана мамлекеттик кызматкерлердин негизги, тиешелүү милдеттерин ишке ашыруу, санариптик сабатуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео