Ош шаарынын Ж.Раимбеков көчөсүндө жайгашкан №2-4-8-1-12-14 көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары балдар ойноочу аянтчанын абалы өтө начар абалга келип, дээрлик курулгандан тарта бир да оңдоп-түзөө болбогондугун, балдар ойноочу аянтча жок кыйынчылык жаралып жатканын айтып кайрылышкан. Мындан улам Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жогоруда аталган көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жерди көрүп чыгып долбоорун жасап кийинки жылкы планга киргизүү маселесин койгон.
Ага ылайык аталган тилкеде балдар ойноочу аянтчаны куруу долбоору даярдалып бүттү. Бул иштер 2024-жылдын бюджетинде каралып, бүткөрүү болжолдонгон.