Мэр Б. Жетигенов капиталдык оңдоодон өткөн көчөлөрдү кыдырды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов А.Масалиев кең көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен жеринде таанышты. Мэр тиешелүү кызматтарга жолдун айрым жерлерине бордюрларды орнотууну аягына чыгаруу, А.Навои көчөсүнөн Монуев көчөсүнө чейинки бөлүктөгү ирригациялык түтүктөрдүн үстүн толук ачып чыгууну тапшырды. Мындан сырткары калаа башчысы Ленин көчөсүнө барып, Мамажан көчөсүнөн Загородный көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөөдөн өткөн жолду көрүп […]
Ош шаарында ишкерлер сыйланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында ишкерлердин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу катышып, ишкерлердин шаардын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга кошкон салымын белгилеп, Ош шаарынын мэринин атынан кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнүн 32 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Н.Исановдун 80 жылдыгына арналган иш-чараларга […]
Ош шаары Кытай өлкөсүнүн Кызыл-Суу шаары менен кызматташтыкты бекемдейт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары З. Юсупов Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялуу облусундагы Партиялык топтун катчысы, мамлекеттик активдерди көзөмөлдөө жана башкаруу боюнча комиссиясынын директорунун орун басары Жоң Зиоу менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча сүйлөшүлүп, Кытай ишкерлери тарабынан сунушталган Ош шаарынын аймагында айыл чарба техникасын чыгаруучу заводду куруу маселеси талкууланды. Замир […]
Кызамык жана кызылчага каршы эмдөө өнөктүгү башталды

Ош шаарында, 18-сентябрдан, 29-сентябрга чейин 9 айлык балдардан баштап 8 жашка чейинки балдар арасында кызамык оорусуна каршы кошумча эмдөө өнөктүгү башталды. Бул боюнча бүгүн маалыматтык жыйын өтүп, ага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүм башчысы Н. Закиров, Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Э.Нурумбетов, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы С. Ванчинкху, Республикалык иммунопрофилактика борборунун […]
Жеке жактарга берилип кеткен соц объектилердин жерлерин кайтарып алуу иштери башталат

Кечээ Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы бир катар социалдык обьектилерди кыдырды. Анын ичинен №8 М.Горький жана №24 М.Фрунзе атындагы мектептерге да барды. Аталган билим берүү мекемелеринин аймагына курулуп калган, жеке жактарга таандык болгон курулуштарды мыйзам алкагында карап чыгып, мектептин аймагына жер тилкесин кайтарып берүү боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жеринде тиешелүү тапшырмаларды берди. […]
Ош шаарында “Ромео жана Жульетта” спектакли аншлаг менен өттү

С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Жамал Сейдакматова атындагы “Туңгуч” жаштар театрынын артисттери тарабынан Уильям Шекспирдин “Ромео жана Жульетта” музыкалык -хореографиялык спектакли коюлду. Спектаклдин бет ачарына Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов катышып, чыгармачылык топту куттуктап сөз сүйлөдү. Ошондой эле спектаклди койгон режиссёрго жана башкы ролдорду жараткан актёрлорго Ош шаарынын мэриясынын Ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Ж.Раимбеков көчөсүн оңдоп-түзөө боюнча техникалык кеңешмесинин көчмө жыйыны өттү

Бүгүн, 18-сентябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ж.Раимбеков (Зайнабетдинов) көчөсүн көрктөндүрүү, асфальттоо жана жарыктандыруу долбоорунун алкагында жеринде Ош шаарынын мэриясынын техникалык кеңешмесинин көчмө жыйынын өткөрдү. Жыйында аталган көчөдөгү электр тармактарынын кубатын күчөтүү, соода-сатык жана коомдук тамактануучу жайларды талапка шайкеш келтирүү, жашыл аймактарда тамчылатып сугаруу тутумун орнотуу, жолду жарыктандыруу, тротуарлардагы таман таштарды жаңылоо жана Алай көчөсүндөгү […]
Санитардык ченемдерди сактабаган ондон ашык мекеме жабылды

Ош шаарында жарандардын кайрылуусуна ылайык, калктын саламаттыгын коргоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд уланууда. Рейддин алкагында аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында 5 сулуулук жана косметологиялык салондор, 4 тиш дарылоочу борборлор, 5 медициналык дарылоо бөлмөлөрү жабылып, санитардык талаптарды сактабагандарга жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, эскертүүлөр берилди. Белгилей кетсек, рейдке […]
Ж.Раимбеков (Зайнабетдинова) көчөсүн оңдоп-түзөө, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери кызуу жүрүүдө

Учурда долбоордун алкагында көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актап сырдоо, ирригациялык тутумдарды алмаштыруу, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, жер астынан түтүктөрдү өткөрүү, жолду асфальт басууга даярдоо боюнча ар тараптуу иштер жүрүүдө. Мындан тышкары куруучулар тарабынан темир тосмолор, чакан архитектуралык конструкциялар жасалып даярдалууда. Калаа башчысы, аба ырайы жакшы болуп турган шартта, бул жердеги курулуш жумуштарын сапаттуу жана күчөтүлгөн […]
Ош шаарынын мэриясынын “Балдардын жана жаштардын абалы жөнүндө” доклады

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна жана бекитилген жобосуна ылайык, “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагын өткөрүү иш-мерчеми түзүлгөн. Сынак жаштардын жашоо турмушуна тийиштүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга таасир этүүсүнө жана алар өз шаарынын кандай болуусун көргүсү келе тургандыгына карата өз пикирлерин айтуусуна өбөлгө түзөт. Бул багытта Ош шаарынын мэриясы тарабынан жаш жарандардын өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу […]